Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 19/6-6
Муниципалдык менчик башкармалыгынын, 2012-жылда аткарган иштери жөнүндө ММБнын башчысы К.С.Сарбалаевдин отчету
Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы 2012-жылга карата муниципалдык менчикти сарамжалдуу пайдалануу, эфективдүү башкаруу, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү, шаардын тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү иштери жана 2012-жылдын бюджетинин чыгаша, киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча шаардык кеңештин 14.06.2012-жылдагы №130/33-5 сандагы шаардык бюджеттин 2011-жылдын жыйынтыгы менен пайда болгон үнөм каражаты жана 14.06.2012-шаардык кеңештин №130/33-5 сандагы Кара-Көл шаарынын 2012-жылга шаардын бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө шаардык кеңештин токтомдорунун, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы боюнча 2012-жыл ичинде аткарылышы.
Муниципалдык менчик башкармалыгы 2008-жылы башкармалык статусун алган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №608 токтомунун негизинде Кара-Көл шаары боюнча жалпы суммасы 27787,4 миң сомду түзгөн 177 объекти, жалпы баасы 39961,1 миң сом болгон 221 объектилер өткөрүлүп алынган.
Шаардык бюджеттин 2011-жылдын жыйынтыгы менен пайда болгон үнөм каражаттын эсебинен шаардык кеңештин 14.06.2012-ж. 130/33-5 токтомунун негизинде :
1. Мэриянын 12.01.2012 ж. №05-9/18 катынын негизинде өрттөн жабыркаган Масиров көч.№13-15-үйүнүн тургуну Б.Койчукуловтордун үй-бүлөөсүнө мат. жардам 200,0 м. с.
2. Мэриянын 12.01.2012 ж. №05-9/18 катына негизинде өрттөн жабыркаган Масиров көчөсүндөгү №13-13-үйүнүн тургуну Н.Исмаилованын үй-бүлөөсүнө жардам 100,0 м.с.
3. Мэриянын 12.01.2012ж. №05-9/18 катынын негизинде Кетмен-Төбө шаарчасынын Камбар-Ата көчөсүнүн 6 батирлүү №17-үйдүн өрттөн жабыркагандарга биринчи жардам 138,7м.с.
4. Мэриянын 20.02.2012ж. №06-19/167 катынын негизинде Кетмен-Төбө шаарчасынын Камбар-Ата көчөсүнүн 6 батирлүү №17-үйдүн өрттөн жабыр тарткандарга, алты үй-бүлөөгө экинчи жолку жардам 600,0 м.с.
5. ШММБнын 15.02.2012-ж.№54 катынын негизинде жолбун кароосуз калган ит-мышыктарды атуу үчүн.
6. ШММБнын шаардык кеңешке 06.03.2012-ж.№111катынын негизинде “Келечек” балдар бакчасынын, Серый көчөсүнүн №18-үйүнүн, Ленин көчөсүнүн №5 – үйүнүн чатырларын жабууга 817,4 м.с.
7. ШММбБнын 05.04.2012-ж.№166 катынын негизинде Казына бөлүмүнүн кызматтык бөлмөлөрүнө электро-монтаждык иштерди жасоого 103,4м.с.
8. ШММБнын 08.06.2012-ж.№404катынын негизинде “Достук”АКнун суу чыгаруучу эки электр кыймылдаткычын сатып алууга 46,0м.с.
9. Каржы бөлүмүнүн 27.04.2012-ж.№30 катынын негизинде шаардык бюджеттен каржылануучу мекемелерди “1С Бухгалтерия” программасына өткөрүү 134,5м.с.
10. Мэриянын стратегиялык планынын негизинде М.Сабиров көчөсүнө аллея курууга 17.07.2012-жылы 4913,3 миң сомдук тендер ойнотулуп “Сагындык “ЖЧКму утуп чыккан.
Бүгүнкү күндө бул иштер толугу менен аткарылып бүтту.
11. Шаардык кеңештин 14.06.2012-ж.№135/34-5 сандагы “Шаардык кеңештин 14.06.2012-ж.№130/33-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”токтомунун негизинде “Юнгер”ЖЧКму тарабынан видео байкоочу системасы 149,3 миң сомго сатып алынган.
2012-жылдын 10-октябрында шаардык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, 660,3 миң сом, Ак-Кыя 1 көчөсүн муздак суу менен камсыз кылуу максатында суу өтүүчү түтүкчөлөрүн сатып алып келүүгө 310,5 миң сом, ал эми көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн ДРЛ сатып алууга – 15,6 миң сом бөлүнгөн. Бул үч обьект боюнча тендер ойнотулуп “Сапар”ЖЧКму утуп чыккан, азыркы күндө бул иштер толугу менен аткарылып тапшырылган.
ШММБгы өз күчү менен шаар ичиндеги Ленин көчөсүнүн аллеясына топурак төгүп тегиздеп тазалап,аллеяга 20кг газон чөп уругуна -10,0миң сом, 600 түп роза гүлүнө- 12,0 миң сом, бархат гүлүнүн уругуна - 8,0 миң сом,жалпысынан 30,0 миң сом сарпталган.
Бак-дарактарды жана тепкичтерди актоо үчүн ШММБгы тарабынан 2 тонна акиташ 50,0 миң сомго сатып алынган.
Шаарыбыздын көчөлөрү, көлдөрдүн жээктери жана эс алуучу балдар ойноочу жайлар өз убагында тазаланып 60 (алтымыш) тонна таштандылар чыгарылган.
ШММБнын жумушчуларынын айлык маянасына 3710,2 миң сом, соцфондго 551,0миң сом,ишсапар чыгымдары 35,0 миң сом,коммуналдык чыгымдарга жалпысынан 8480,9миң сом сарпталган,анын ичинен: Сууга -1851,4 миң сом,электро-энергияга – 2061,7 миң сом,жылуулук системасына – 4514,7 миң сом,байланышка – 53,0миң сом, ал эми башка чыгымдарга 1379,9 миң сом сарпталган.
Жерлерди аукцион аркылуу сатуу боюнча жалпы 18936,42м.кв. суммасы 689,4миң сомду түзөт.
Жерлерди ижарага берүү боюнча өздөштүрүү үчүн 137 адамга,соода түйүн коюп иштетүү үчүн 145 адамга, жана гараж коюга 48 адамга берилген,жалпы 330 адамга.
Шаардык кеңештин №131/33-5 сандагы 14.06.2012-ж.токтомунун негизинде аз камсыз болгон,оорулуу жарандарга 1850,0 миң сомго батирлер сатып алынып берилген.
1. Чаргынов көч. 2 бөлмөлүү 4-үйүнүн 10 батири 2- топтогу майып Койчиев Чынгызга 250,0 миң сомго сатылып алынган.
2. Сабиров көч. 2 бөлмөлүү 34-үйүнүн 8- батири 2- топтогу майып Жолдошбек уулу Эрнистке 350,0миң сомго сатылып алынган.
3. Сабиров көч. 2 бөлмөлүү 97-үйүнүн 6- батири 2- топтогу майып Ашырова Куралжанга 350,0миң сомго сатылып алынган.
4. Серый көч. 1 бөлмөлүү 24-үйүнүн 14- батири жалгыз бой эне Камбаралиева Шайхидинге 300,0миң сомго сатылып алынган.
5. Сабиров көч. 2 бөлмөлүү 2/6-үйүнүн 10- батири аз камсыз болгон үй-бүлөө Култаева Сапияга 250,0 миң сомго сатылып алынган.
6. Завод көч. 2 бөлмөлүү 1-үйүнүн 37- батири аз камсыз болгон үй-бүлөө Осмонкулов Ашырбекке 350,0 миң сомго сатылып алынган.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде шаардык кеңештин кезектеги VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчик башкармалыгынын 2012-жылы аткарган иштери жөнүндө отчету жана шаардык кеңештин 14.06.2012ж. №130/33-5 сандагы токтомунун аткарылышы боюнча алып барган иштери туралуу маалымат катары эске алынсын.
2. Мэрияга, ММБна каражат бөлүнүп обьектилердин өз убагында сапаттуу аяктоосун көзөмөлгө алуу, аларга болгон талапты күчөтүү милдети жүктөлсүн.
3. Муниципалдык менчик башкармалыгындагы адистердин кесипкөйсүздүгү, алардын иш пландаштырууда, уюштурууда, көзөмөлдөөдө тажрыйбасынын аздыгы,даярдалган отчеттун сапатсыздыгы белгиленсин. Бул кемчиликтерди жоюу милдети шаардын Мэрине, ШММБнын башчысына жүктөлсүн.
4. Мэриянын ММБна 2013-жылдын обьектилеринин көлөмүн,сарпталуучу каражаттарды тактоо,иш аткаруучуларды (подрядчиктерди) тандоодо,тендерлерди өткөрүүдө ачык айкындуулукту камсыз кылуу милдети жүктөлсүн.
5. 2013-жылда курулуучу, оңдолуучу, обьектилерин тактоодо, программа түзүүдө, каражатты чачыранды кылбастан социалдык биринчи керектеги обьектилерди каржылоого басым жасалсын.
6. Бул токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш,ьархитектура, турак-жай, комуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына(Б.Н.Кыргызалиевге) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы |
М.К. Женбеков |