Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 21/6-6
КТГЭСке караштуу кыймылсыз мүлк бирдиктеринин жер тилкелерин жеке менчикке бекитип берүү жөнүндө Мам. каттоо башкармалыгынын башчысы Г.Р.Сооронбаеванын кайрылуусу жөнүндө
Каскад Токтогул ГЭСтерине караштуу кыймылсыз мүлк бирдиктеринин жер тилкелерин жеке менчикке бекитип берүү жөнүндө Мам.каттоо башкармалыгынын башчысы Г.Р.Сооронбаеванын кайрылуусун жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, КТГЭСтин каттоо номуру 865-3303-Ф-Л жана сериясы УРП №000623 күбөлүгүнүн негизинде менчик түрүнүн өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 34-беренесинин, 44-беренесиинин 1,2,3-пункуттарына ылайык депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мам.каттоо башкармалыгынын башчысы Г.Р.Сооронбаевага Каскад Токтогул ГЭСтерине караштуу кыймылсыз мүлк бирдиктеринин жер тилкелерин КТГЭСтин жеке менчигине өткөрүп берүү тиркемеге ылайык макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Кыргызалиев Б.Н.) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы |
М.К. Женбеков |