Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 22/6-6
Мусулмандар мүрзөсүндө жай калбай калгандыгына байланыштуу “Достук” ААКнун аймагынын жогору жагында жайгашкан жер тилкесинен, мусулмандардын жаңы мүрзөсүнө жай бөлүп берүү жөнүндө
Мусулмандар мүрзөсүндө жай калбай калгандыгына байланыштуу “Достук” ААКнун аймагынын жогору жагында жайгашкан жер тилкесинен, мусулмандардын жаңы мүрзөсүнө жай бөлүп берүү боюнча К.С.Сарбалаевдин катын жана шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Достук” ААКнун аймагынын жогору жагында жайгашкан жер тилкесинен, мусулмандардын жаңы мүрзөсүнө жай бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Мам.каттоо башкармалыгы берген корутундунун негизинде, ММБнын алдындагы жер комиссиясына тийешелүү чечим чыгарып берүү сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Кыргызалиев Б.Н.) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы |
М.К. Женбеков |