Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 23/6-6
Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн иш жүзүндө жашагандыгын аныктоо жөнүндө
Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Т.К. Сабырбекованын кайрылуусун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин кезектеги сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаарында социалдык өнүктүрүү башкармалыгына каттоого туруп ,жөлөк чектеттирүүнү максат кылган камсыз үй–бүлөлөр документ чогултууда кыйыналышууда. Талап кылынган документтердин бири–бул жашагандыгы туралуу аныктама алуу болуп эсептелет. Ал аныктаманы кварталдык комитеттен алышат.
Кварталдык комитет аныктаманы паспортунун каттоосун карап берет. Бирок шаарыбыздын кээ бир тургундары ата-энесинин үйүндө каттоодо турат да , үйү жоктугуна байланыштуу батирлерде квартирант болуп турушат бирок убактылуу каттоого турушпайт. Паспорт столу да убактылуу каттоого башка жактан келгендерди тургузат, ал эми шаардын тургундарын бир үйдөн экинчи бир үйгө убактылуу каттоого тургузбайт.
Жыйынтыгында аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекеттин камкордугуна алынбай, ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул албай келет. Ансыз да жашоосу жеңил болбогон үй-бүлө кыйынчылыктарга дуушар болушууда.
Аз камсыз үй бүлөлөрдү колдоо максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып шаардык кеңештин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык мэриясына:
-мэриянын алдында аз камсыз үй- бүлөлөрдүн иш жүзүндө жашаган дарегин аныктоо иштерин жүргүзүү үчүн атайын расмий комиссия түзүү жүктөлсүн;
- атайын комиссиянын курамына мэриянын социалдык бөлүмүнөн, кварталдык комитеттен, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттарынан, шаардык аялдар кеңешинен өкүлдөрдү киргизүү жана курамы 7 кишиден кем болбошу сунушталсын.
2. Комиссиянын функциясына төмөнкүлөр кирсин:
-арыз менен кайрылган жарандын иш жүзүндө жашагандыгы тууралуу акты түзүү;
- актыга комиссиянын курамынын жарымынан көбү кол койгондо актынын күчүнө кирүүсү;
3. Аз камсыз үй- бүлөлөргө убактылуу жашагандыгы жөнүндө аныктаманы иш жүзүндө жашаган дареги боюнча атайын комиссиянын актысынын негизинде берүү кварталдык комитетке жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мэрияга (М.Д.Койчиев) , көзөмөлгө алуу шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссияcына ( Ж.Орунова) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы |
М.К. Женбеков |