Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 24/6-6
Комуналдык тейлөө үчүн акы алууну тартипке келтирүү жөнүндө
Каскад Токтогул ГЭСтеринин директору Т.М. Толубаевдин коммуналдык тейлөө үчүн акы алууну жарандардын бир жерде катталгандыгынын санына жараша эмес, иш жүзүндө жашаган адамдардын санына жараша алуу боюнча тиешелүү Жобо бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун жана аталган маселе боюнча Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология , дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин кезектеги сессиясы төмөндөлөрдү белгилейт.
Акыркы жылдары коммуналдык тейлөөгө болгон чыгымдар көбөйүүдө. Шаарыбызда катталгандардын саны менен жашагандардын санынын ортосунда бир топ айрыма болуп жатканы байкалат. Батирлерде, үйлөрдө анык жашагандардын саны башка, катталгандардын саны башка.
Коммуналдык тейлөө үчүн акы алуунун механизминин мыктысыздыгынан коммуналдык тейлөөлөргө акы алуу шаардык паспорт столунда каттоодо турган жарандарга гана эсептелет. Жыйынтыгында шаарыбыздын тургундарынын бир канча пайызы ( %) коммуналдык кызматтардан бекер колдонушат. А коммуналдык тейлөө көрсөткөн мекеменин кетирген чыгымдары көп. Аны жабуу үчүн Каскад ТГЭС тарифтерди көтөрүүдө.
Коммуналдык тейлөөгө акы алууну тартипке келтирүү жана тарифтердин негизсиз өсүүсүн басаңдатуу максатында, “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып шаардык кеңештин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул ГЭСтеринин Каскадынын жетекчиси Т.М.Толубаев, Коммуналдык ишканалар комбинатынын жетекчиси О.С.Кыдырмаев коммуналдык тейлөө үчүн (сууга, сарпынды сууларга, таштандыларды чыгарууга ж .б.) акы алууну эсептөөнү батирлерде, үйлөрдө иш жүзүндө жашаган жарандардын санына жараша жүргүзсүн.
2. Кварталдык комитеттери, үй комитеттери, турак-жайдын менчик ээлеринин шериктештиктери жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн тескөөчүсү ТГЭСК КИКтин өкүлү менен биргеликте бөлүнүп берилген территориясы боюнча квартал сайын жарандардын анык жашаган дареги боюнча аныктоо иштерин жүргүзсүн жана тиешелүү акты түзсүн.
3. Түзүлгөн актынын негизинде жарандардын анык жашаган дареги боюнча тизме түзүү жана КИКтин сатуу бөлүмүнө тизмени өткөрүү ТГЭСК КИКтин өкүлүнө жүктөлсүн.
4. Токтогул ГЭСтеринин Каскадынын жетекчиси Т.М.Толубаев кварталдык комитеттери, үй комитеттери, турак-жайдын менчик ээлеринин шериктештиктери жана шаардык ички иштер бөлүмү менен келишимдин негизинде иш жүргүзсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңешинин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссияcына ( Ж.Орунова) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы |
М.К. Женбеков |