Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 26/6-6
Жазы–Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануунун 2013-жылга планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктуна, 10-беренесине ылайык жайыт жерлерин сарамжалдуу жана натыйжалуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы–Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануунун 2013-жылга планы, кирешелер жана чыгашалар сметасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин 2013-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү боюнча төмөнкү сунушу бекитилсин:
бир баш үчүн жылдык төлөм:
- бодо мал - 100 сом;
- жаш бодо мал - 70 сом;
- кой –эчки - 20 сом;
- жылкы,эшек - 100 сом;
3. Жазы–Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке чегерүү милдети жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышы Жазы–Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетине ( Кыдыралиев С.Б.) жана Жазы–Кечүү аймактык башкармалыгынын башчысына (К.А.Таштанкулова), көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы |
М.К. Женбеков |