Редакцияот 02.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 10-октябры № 01-01/55

Кочкор-Ата шаарынын тургундарына «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз X сессиясы, «Н.Исанов» атындагы жатак гимназия мектебинин директору А.М.Нусупбековдун жана № 28 «Ч.Айтматов» атындагы орто мектептин директору Э.Ш.Тердикбаеванын, мугалимдер күнүнө карата билим берүү тармагында эмгек сиңирген мугалимдерге «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу сунуш катын талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтомуна таянып сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Н.Исанов» атындагы жатак гимназия мектебинин жана № 28 «Ч.Айтматов» атындагы орто мектептин директорлорунун сунуш каты жактырылсын.

2. «Н.Исанов» атындагы жатак-гимназия мектебинин мугалими Бегматов Жумабек Ниязовичке, №28 «Ч.Т.Айтматов» атындагы орто мектебинин мугалими Рыскулова Валентина Константиновнага жана Иванова Наталья Алексеевнага  Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын жана шаардык Кеңештин түрдүү чыгымдар эсебинен ар бирине 1000 сомдон жалпы суммасы 3000(үч миң) сом акчалай сыйлык берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Социалдык маселелер» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.А.Токтосуновго милдеттендирилсин.

 

Кочкор-Ата шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А.М. Нусупбеков