Редакцияот 03.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 3-декабры № 01-01/58

Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин отчёту жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин 2013-жылдын 9 ай ичинде бюджеттин аткарылышынын отчётун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын мэри  К.М.Эгембердиевдин 9 ай ичинде бюджеттин аткарылышы боюнча отчёту канааттандырарлык деп табылсын.

2. Алдыдагы аткарылуучу иштерди жакшыртуу максатында, айтылган сын-пикирлерди эске алуу, жоопкерчиликти күчөтүү менен токтомду аткаруу, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.  

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго милдеттендирилсин.

 

Кочкор-Ата шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Б. Артыков