Редакцияот 03.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 3-декабры № 01-01/62

К.Д. Арстанбаева жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» № 192 мыйзамынын 2-беренесинин 7-пунктундагы «Шаардык Кеңештердин эки орун басары болот» деген редакциясын талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 38-беренесине жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 3-главасынын 3.4 пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин экинчи орун басарын шайлоо боюнча сунушу эске алынсын.

2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Арстанбаева    Касиет Дуйшеновна, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын экинчи орун басары болуп шайланды деп табылсын.

3. К.Д.Арстанбаева шаардак Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгана байланыштуу, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «социалдык маселелр боюнча» туруктуу  комиссиянын курамынан чыгарылсын.

4. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаты Айдаров Акылбек Төрөжанович,    шаардык Кеңештин  «финансы, экономика, бюджет жана салык маселелери       боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылып, «социалдык         маселелр боюнча» туруктуу комиссиянын курамына киргизилсин.

5. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин орун басарларынын милдеттери, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлеринин кызматтык милдеттерине ылайык милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-ата шаардык Кеңешинин  төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго милдеттендирилсин.

 

Кочкор-Ата шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Б. Артыков