Редакцияот 10.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин (VII чакырылыштагы) V кезектеги сессиясы

 

2013-жылдын 10-декабры № 5-7-5

Майлуу-Суу шаарынын экономикалык пландоо зоналарына байланыштуу Кз зоналык коэффицентин тактоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө» мыйзамынын жана 10-февраль 2010-ж. №25 Кыргыз Республикасынын «Салык кодексин ишке ашыруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде, Салык кызматынын башчысынын орун басары М. Намазбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, шаардык Кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө» мыйзамынын жана 10-февраль 2010-ж. №25 Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин ишке ашыруу мыйзамы» жөнүндөгү Салык кызматынын башчысынын орун басары М. Намазбековдун маалыматы эске алынсын.

2. Майлуу-Суу шаарынын «экономикалык –пландоо зонасына байланыштуу Кз зоналык коэффициент Кыргыз Республикасынын 1-январь 2010-ж. мыйзамынын 339 беренесинин 4 бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй, төмөндөгүдөй такталсын:

-Майлуу-Суу шаары боюнча–1,2

-Кок-Таш жана Сары–Бээ аймактык башкармалыгы боюнча -1,0

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика жана бюджет боюнча шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясына (Бакалаев Р.К.) жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

К.Т. Шадманов