Редакцияот 20.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХVI-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы

 

2013-жылдын 20-декабры № 3

Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы жөнүндө

Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кыдыршаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 14 - cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кыдыршаевдин маалыматы эске алынсын.

2. Аткарылган иштер менен катар төмөнкүдөй кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин:

-“Жылуулук камсыздоо” ишканасы тез аранын ичинде от казанынан чыгып жана кирүү система жагына термометр орнотуу жагы, жылуулук регистрациялык журналын калыбына келтирүү жагы, № 1 “Түндүк” отканасында резервдик отказанынын ремонттолбогондугу боюнча кемчиликтерди жоюу жагы мэриянын алдында түзүлгөн шаардык штабга милдеттендирилсин.

-Бала бакчаларда, мектеп жана окуу жайларда жылуулукту көзөмөлдөө жагын бирдей калыпка келтирүү;

-Кызыл-Жар шаарча аймактык башкармалыгынын аймагындагы № 6-“Т.Уметалиев” атындагы орто мектебинде от жылытуучу насостук станциясын тез аранын ичинде оңдоп, ишке киргизүү;

-№ 11–“М.Темирбаев” атындагы орто мектебиндеги “Тансуу” электр жылыткычынын толук кандуу бүтпөгөндүгү;

3. Жогоруда белгиленген кемчиликтер боюнча тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери аркылуу тез арада чараларды көрүп, күнүмдүк көзөмөлгө алуу жагы шаардын биринчи вице-мэри, штабдын жетекчиси И.А.Масабировго милдеттендирилсин жана жогорудагы кемчиликтердин четтетилиши боюнча 10 күндүк мөөнөттө шаардык Кеңешке жазуу жүзүндө билдирүү жагы тапшырылсын.

4. Шаардык мэрияга:

№ 111-кесиптик лицейдин имаратынын коопсуздугун тез аранын ичинде карап, чечүү жагы;

-Кызыл-Алма шаарчасында жайгашкан “Жомок” балдар бакчасынын имаратын 2014-жылдын 3-кварталында жылуулук системасын монтаждап, автономдук электр отказанын орнотууга жетишүү жагы;

-№ 3-“Т.Молдо”орто мектебинин имаратынын сол тарабындагы жайгашкан буу регистраторлорду (радиатор) суу регистраторлоруна алмаштырууга жетишүү жагы жана автономдук электротказанын кийинки жылы ишке киргизүү жагы;

-№ 9- орто мектебин 2014-жылдын 3 кварталына жылуулук системасын монтаждап, автономдук электротказанын орнотууга жетишүү жагы жүктөлсүн.

5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.

6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Өнөржай” боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кыдыршаев) жүктөлсүн.

 

Таш-Көмүр шаардык

кеңешинин төрагасы

 

М.С. Кулдышев