ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХVI-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2013-жылдын 20-декабры № 6
Мэриянын “2013-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү” тууралуу кайрылуу каттары жөнүндө
Мэриянын “2013-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү” боюнча кайрылуу каттары тууралуу шаардык Кеңешинин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектетеги 14-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мэриянын 09.12.2013, 17.12.2013, 18.12.2013-жылдагы “2013-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү” боюнча № 01-12/1677,
01-12/1728,01-12/1756 жана 01-12/1770- кайрылуу каттары тууралуу шаардык Кеңешинин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, Э.Кулуевдин маалыматы жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы ГЭСтердин өндүргөн электр энергиясын сатуудан алынуучу салыгынан (НСП) түшүүчү каражаттын эсебинен Таш-Көмүр шаарынын 2013-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү 156440 (бир жүз элүү алты миң төрт жүз кырк) сомго жогорулатылып, өзгөртүү киргизилсин.
3. Таш-Көмүр шаарынын 2013-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 156440 сомго өзгөртүү киргизилип, түшүүчү каражаттын эсебинен төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлсүн:
- Шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу:
-Кызыл-Жар шаарчасындагы «Теремок» балдар бакчасына электр энергиясы жана газ менен иштеген плитка сатып алуу үчүн – 20 000 сом;
-Шаардын Кызыл-Алма аймактык башкармалыгынын аймагындагы № 4 «Жомок» балдар бакчасына «Кыш-жай» электр жылыткычын сатып алуу үчүн -75 000 сом;
-Шаардагы № 7-«К.Кузембаев» атындагы гимназия класстары бар орто мектебине кошумча насос коюу үчүн – 19 940 сом;
Шаардык мэрия аркылуу:
-Таш-Көмүр аймактык ооруканасына Орг.техника (компьютер, принтер) сатып алуу үчүн –30 000сом;
-Жаңы-жылдык майрамга даярдык көрүү жана өткөрүү иш-чаралары үчүн Шамалды-Сай шаарчасына-6500 сом, Кызыл-Жар шаарчасына-5000 сом, жалпысынан- 11500 сом.
- Шаардын аймагында ВИЧ СПИД илдети менен ооруган үй-бүлөдө төрөлгөн ымыркайдын бир жашка чейинки тамак-ашына социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу -31000 сом.
4. Жогорудагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүчү 156440 (бир жүз элүү алты миң төрт жүз кырк) сом каражаты түшкөндөн кийин каржылоо жагы белгиленсин.
5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
6. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |