ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин ХХVI-чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы
2013-жылдын 20-декабры № 9
Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары жөнүндө
Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укутары тууралуу шаардык кеңештин алдындагы “Этика жана мандат” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Эрназаровдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 14– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Этика жана мандат” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Эрназаровдун маалыматы жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлери эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин депутаттары “Ата Мекен” саясий партиясынан Ташиев Мирлан Самарбековичтин жана “Ата Журт” саясий партиясынан Бектемиров Келсинбек Базаркуловичтин “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
3. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынан “Ата Мекен” жана “Ата Журт” саясий партияларынын тизмеси боюнча кийинки талапкерлерди аныктап берүү жагы суралсын.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы |
М.С. Кулдышев |