Редакцияот 30.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз IХ-сессиясы

 

2013-жылдын 30-ноябры № 1

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында мүлк жана жер салыктарын киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 31 беренесинин 3 бөлүгүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3 беренесинин 3 бөлүгүнө ылайык «Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 2008 жылдын 18-октябрындагы 231 токтомун ишке киргизүү жөнүндө» Багыш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1-январынан тартып Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында төмөндөгү салыктар бекитилсин:

-мүлк салыгы;

-жер салыгы;

2. Жогоруда көрсөтүлгөндөгү 1чи пунктка ылайык Кыргыз Республикасынын салык Кодексине негизинде иш жүргүзүлсүн.

3. Токтомду каттап жана мамлекеттик норматвдик актыга кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн

4. Токтом жарыя кылган күндөн баштап өз күчүнө кирет.

5. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагын Багыш айыл Кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Багыш айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Д. Саипов