Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-февралы №3
Шаардык кеңештин 2013-жылы кабыл алынган токтомдордун аткарылышы тууралуу маалымат
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин иштөө Регламентинин негизинде шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылыш тууралуу жооптуу катчынын маалыматын угуп чыгып, шаардык кеңештин кезектеги XII-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2013-жылы кабыл алынган токтомдордун аткарылышы тууралуу шаардык кеңештин жооптуу катчысынын маалыматы эске алынсын.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2013-жылы кабыл алынып, толугу менен же жарым жартылай аткарылбаган токтомдорун аткаруу жана ал токтомдор боюнча боюнча маалымат берүү жагын шаардык мэрияга (М.Арапбаевге) милдеттендирилсин.
3. Шаардык кеңешинин аппаратына кабыл алынган токтомдорду аткарылышын камсыздоо үчүн чейрек сайын аткаруу бийлигинен маалымат алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
М.Тагаев |
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI-чакырылышынын депутаттары 2012-жылдын 25-ноябрында тарабынан шайланышып, депутаттык корпус 26-декабрда I-уюштуруу сессиясы менен өз ишин баштаган. Жалпысынан алганда депутаттык корпустун алгачкы жылында 11 сессия өткөрүлүп, 58 токтом кабыл алынды. Кабыл алынган токтомдор Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамынын 29-беренесине ылайык гезит бетине жарыялангандан соң, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги тарабынан жүргүзүлүүчү укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик Реестрине каттоого берилди. Кабыл алынган токтомдор массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин өз күчүнө кирип, аткаруу бийлигине, башкача айтканда шаардык мэрияга жана анын структуралык бөлүмдөрүнө аткарууга журнал аркылуу таратылып, берилүүдө.
2013-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, жыл ичинде кошумча бөлүнүп берилген, бекитилген бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен кошумча каржы булактарын таап, кошумча чыгымдалган каражаттар боюнча кеңири аткаруу бийлиги өз отчетун берет. Ал эми калган токтомдордун аткарылышына бир аз токтоло кетсем.
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин 19.04.2013-жылдагы кезектеги VI-сессиянын «Жалал-Абад шаарындагы мекеме-ишканаларында өткөрүлүүчү тендердик комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» №1-токтому «Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары жөнүндө» мыйзамынын 35-беренесине ылайык шаардык кеңештин VII-сессиясынын №1-токтому менен жокко чыгарылды.
Шаардык кеңештин 2013-жылга карата бекитилген келечектүү иш планындагы «Саламаттыкты сактоо мекемелеринин, атайын кесиптик окуу жайлардын, орто мектептердин жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн абалы жөнүндө» маселе киргизилип, бирок бул маселе көлөмдүү болгондуктан, экиге бөлүп, «Шаардагыбилим берүүнүн, атайын кесиптик окуу жайлардын жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн инспекциясынын абалы жөнүндө» маселе сессиянын күн тартибинде каралып, саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалы каралбай калган.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 09.07.2013-жылдагы кезектеги VIII-сессиясынын «Жалал-Абад шаарында жайгашкан К.Батыровго тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктөрүн улутташтыруудан кийин муниципалдык менчикке баланска өткөрүп берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоо жөнүндө» №4-токтомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылып, жообунда бул маселе КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан жөнгө салынаарын билдирген кат келген. КРнын Өкмөтүнөн келген катты негиз кылып област боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүккө кайрылып, ал жактан да так жооп болгон жок. Азыркы учурда соттук аткаруучулар тарабынан шаардагы К.Батыровго тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктөрдү баалоо, тактап айтканда баланстык калдык баасын чыгарып, муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн иш чаралар жүрүп жатат.
Шаардык кеңештин VII-сессиясында депутаттар тарабынан көтөрүлүп жана колдоо тапкан «Электрэнергиясын сатуу ишканасынын абоненттик бөлүмүн текшерүү үчүн комиссия түзүү жөнүндө» №13-токтому түзүлгөн комиссия тарабынан иш жүргүзүлбөгөндүгүнөн аткаруусуз калган.
Ал эми, 12.10.2013-жылдагы шаардык кеңештин кезектеги X-сессиясынын «Жалал-Абад шаарында жер жана мүлк салыктарын киргизүү жөнүндө» №6-токтому 2014-жылдан тартып иш кирет жана салык кызматы тарабынан аткарылаарын билдиремин.
Жалпысынан алганда кабыл алынган 58 токтомдон 1 токтом аткаруусуз жана 2 токтом учурда аткарылууда экендигин билдиремин.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!
Шаардык кеңештин жооптуу катчысы |
Б.Беркбаева |