Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-февралы №4
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 13.03.2013-жылдагы V сессиясынын
№1-токтому менен бекитилген шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизилгендигине байланыштуу жана шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, Регламент, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар жана партиялар менен байланышуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде жана депутаттардын сунушун эске алып, VI-чакырылыштын V-сессиясынын №1-токтому менен бекитилген шаардык кеңештин иштөө Регламентине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү үчүн шаардык кеңештин кезектеги XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин текстиндеги «орун басар» деген сөз толук текст боюнча «орун басарлар» болуп өзгөртүлсүн.
2. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин 1-главасынын 2-бөлүмүнүн 2.2 пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «2.2. Шаардык кеңештин сессияларында төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
-шаардын мэрин шайлоо;
-Мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;
-мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилөө;
-мэриянын аппаратын кошпогондо, шаардын вице-мэрлерин, шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү;
-шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды ээлеген кызмат орундарынан четтетүүгө алып келет.».
3. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин 2-главасынын 3.4-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «3.4. Шаардык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары сессияда депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланат. Шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен көпчүлүк добуш алган кандидат шайланды деп эсептелинет.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт».
4. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин 4-главасынын 9.2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «9.2.Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумадан кеч эмес мурунку чакырылыштагы шаардык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясын шаардык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин Регламентин бекитүү, кеңештин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо маселелери, ошондой эле шаардык кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.»
5. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин 4-главасынын 12.7-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: «12.7.Катары менен төрт жолудан ашык сессияга жүйөлүү себепсиз дайыма катышпаган депутаттардын тизмеси шаардык кеңештин чечими менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн берилиши мүмкүн.
Шаардык кеңештин сессияларын катары менен төрт жолудан ашык сессияга жүйөлүү себептерсиз дайыма калтырганы, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаганы үчүн кеңештин депутаттары жалпы сандын көпчүлүк добушу менен шаардык кеңештин депутатын чакыртып алуу тууралуу маселесин көтөрүүгө укуктуу. Депутаттын шаардык кеңештин сессиясын калтыруунун жүйөлүү себептери документ менен тастыкталган оору, иш сапар, өргүү жана башка жүйөлүү себептер эсептелинет».
6. Шаардык кеңештин иштөө Регламентинин 4-главасынын 13.2. пункту төмөндөгүдөй 10-пунктча менен толукталсын: «10) тиешелүү депутаттык фракциянын сунушунун негизинде саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан чакыртып алганда».
7. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаевага) милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, Регламент, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (К.Усенов) жүктөлсүналуу жагын өзүмө калтырам.
9. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
М.Тагаев |