Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-февралы №5
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 13.03.2013-жылдагы V сессиясынын
№2-токтомунун 1-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 29.04.2013-жылдагы №05 сандуу жана 20.09.2013-жылдагы №06 сандуу протоколунун чечиминин негизинде шаардык кеңештин депутаттарынын курамы өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу жана депутаттардын сунушун эске алып, шаардык кеңештин V-сессиясынын №2-токтомунун 1-тиркемесине өзгөртүү киргизүү үчүн шаардык кеңештин кезектеги XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Юнусов Бахтияр Камчиевич чыгарылып, Ибрагимов Сирожидин Инабидинович менен комиссиянын курамы толукталсын.
2. Исмаилов Нурбек Сапарбекович шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болгондугуна байланыштуу, шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын.
3. Шаардык кеңештин өнөр-жай, соода айыл чарба, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан Джусупбеков Болот Жаныбекович чыгарылып, Жусупов Эмильбек Балтабаевич менен комиссиянын курамы толукталсын.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаевага) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
М.Тагаев |