Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-февралы №6
Жалал-Абад шаарынын эл жыш жашаган жайларында үй жаныбарларын кармоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 05.09.2013-жылдагы №9-1/1274 чыгыш сандуу катынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министирлигинин Санитардык эпидемиологиялык эрежелер жана өлчөмдөр жөнүндөгү укуктук ченеминин негизинде, Жалал-Абад шаардык кеңешинин өнөр-жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Осмоновдун баяндамасынын жана депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин өнөр-жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Осмоновдун маалыматы эске алынсын.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагында көп сандаган үй жандыктарын кармап, түрдүү жугуштуу ооруларды жуктурууга жол берип, ошол аймакта жашаган шаар тургундарынын жашоосуна ыңгайсыздыктарды жаратканы үчүн Жалал-Абад шаарынын ветеринардык жана санитардык кызматтарына мыйзам чегинде иш чараларды жүргүзүүнү күчөтүү жана катуу көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөө шаардык кеңештин өнөр-жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
М.Тагаев |