Загрузка документа…
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2021-жылдын 15-ноябры № 4 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-февралы №7
Шаардагы коомдук маршруттук транспорттордун калкка кызмат көрсөтүүчү кызмат акысын көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесинин 12-пунктуна, «Транспорт жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 13.11.2013-жылдагы чыг.№3-3/1650 сандуу катынын негизинде жана шаардык кенештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 16.01.2013-жылдагы чечимин жана депутаттардын сунушун эске алып, шаардык кеңештин кезектеги XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарында каттоочу муниципалдык автобустарда жүрүү акысы төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:
· Шаардагы мектептердин 1-6 класстардын окуучуларына – 2 сом;
· Шаардын пенсионерлерине – 6 сом;
· Башка жүргүнчүлөргө – 8 сом.
2. Жалал-Абад шаарында каттоочу жеке менчик микроавтобустарда жүрүүнүн акысы төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:
· Шаардагы мектептердин окуучуларына – 5 сом;
· Шаардын пенсионерлерине – 8 сом;
· Башка жүргүнчүлөргө – 10 сом.
· Шаардык кенештин 30.03.2012-жылдагы XXIX сессиясынын №9-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Коомдук маршруттук транспорттордун жол кире акысы көтөрүлгөндүгү боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Муниципалдык автобустарда жана жеке менчик микроавтобустарда калктын катмарларына бекитилип берилген тарифтерди көрүнүктүү жайга илүү муниципалдык автобазанын жетекчисине (К.Алдосов) жана жүргүнчүлөрдү ташуучу агенттигинин директоруна (К.Калыбеков) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаевага) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Казакбаев) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
М.Тагаев |