Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-февралы №9
Жалал-Абад шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы жана муниципалдык асфальт-бетон заводу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 18-беренесинин 1-пуктунун 6- жана 9-пунктчаларына ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, Жалал-Абад шаарынын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин курамындагы жашылдандыруу чарбасын жана муниципалдык асфальт-бетон заводун жеке структура катары бөлүп чыгаруу жөнүндө шаар мэринин баяндамасын эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасын түзүү жактырылсын жана шаардык кеңештин келерки сессиясынын кароосуна Жобосун жана сметалык чыгымдарын бекитүү үчүн сунуштоо жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
2. Муниципалдык асфальт-бетон заводун коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин курамынан чыгарылып, өзүнчө структура болуп түзүлүшү жактырылсын жана шаардык кеңештин келерки сессиясынын кароосуна Жобосун жана сметалык чыгымдарын бекитүү үчүн сунуштоо жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду аткаруу шаардык мэрияга (М.Арапбаев) жүктөлсүн.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
М.Тагаев |