Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12–февралы № 6-7-1
«№ 11/1-3-92-14, 06.02.2014-жылы түшкөн Майлуу-Суу шаарынын прокурорунун каршылык билдирүүсү жөнүндө»
Майлуу-Суу шаардык Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 10-декабрында кабыл алынган № 5-7-9 токтомду жокко чыгаруу жөнүндө, № 11/1-3-92-14, 06.02.2014-жылы түшкөн Майлуу-Суу шаарынын прокурорунун каршылык билдирүүсүн угуп жана талкуулап, шаардык Кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 10-декабрында кабыл алынган № 5-7-9 токтомду жокко чыгарылсын.
2. “Горводоканал” мекемеси (Маматов Н.А.) тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине макулдашуу үчүн, ичүүчү суунун, суу калдыктарын алып (канализация) чыгуу жана тазалоо тарифтери жөнөтүлсүн, жана коомдук угуулар өткөрүлүп, жеңилдие алуучу категория такталып, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын отурумдарынын кароосуна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майлуу-Суу шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары (Токтоназаров К.Ю.), шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына (Бакалаев Р.К., Асанов А.С., Суйумбаев К.У.) жүктөлсүн.
Шаардык Кеӊештин төрагасы |
Шадманов К.Т. |