Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылы 3-февралы № 2
«Могол айыл округунун жергиликтүү бюджетинде 2013-жылы пайдаланылбай калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө»
Могол айыл округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинде пайдаланылбай калган 851,3 миң сом жана атайын каражаттан пайдаланылбай калган 99,5 миң сом акча каражатын 2014-жылда чыгымдоо жөнүндө ФЭБ башчысы С. Белековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Могол айыл округунун жергиликтүү бюджетинде 2013-жылы пайдаланылбай калган 851,3 миң сом акча каражатын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин 701 разделинин I-II-III-IV кварталдарына 696,1 миң сом жана 70921 разделинин I-кварталына 155,2 миң сом чыгаша бөлүктөрүнө кошумча смета түзүлсүн.
2.Атайын эсептен 2013-жылы пайдаланылбай калган 99,5 миң сом акча каражатына 70911 разделинин чыгаша бөлүгүнүн I-II кварталдарына жана 70921 разделинин чыгаша бөлүгүнүн I-кварталдарына кошумча смета түзүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышы ФЭБ башчысы С. Белековко милдеттендирилсин.
Могол айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Укубаев |