Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылы 3-февралы № 3
Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү
программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн
2014-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлор
колдоого алуу жөнүндө
Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2014-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлор колдоп берүү жөнүндө Могол айыл аймагынын башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги IХ – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Могол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн 2014-жыл ичинде жазылган кичи долбоорлор жактырылсын жана колдоого алынсын.
2.Ишке ашкан инвестициялык микродолбоорлордун акча каражаттары кошумча смета менен каралып чыгымдалсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы н экономика, план, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Могол айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Укубаев |