Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 5-марты №10
«Шаардык мэриянын 28.01.2014-жылдагы «Түндүк” аймактык башкармалыгынын аймагындагы суу түтүкчөлөрүн “”Суу чарба” чарбалык эсептеги мекемесинин балансына өткөрүп берүү” тууралуу № 03-5/198 кайрылуу каты жөнүндө».
«Шаардык мэриянын 28.01.2014-жылдагы «Түндүк” аймактык башкармалыгынын аймагындагы суу түтүкчөлөрүн “”Суу чарба” чарбалык эсептеги мекемесинин балансына өткөрүп берүү” тууралуу № 03-5/198 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Бабатаевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 15-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Шаардык мэриянын 28.01.2014-жылдагы «Түндүк” аймактык башкармалыгынын аймагындагы суу түтүкчөлөрүн “”Суу чарба” чарбалык эсептеги мекемесинин балансына өткөрүп берүү” тууралуу № 03-5/198 кайрылуу каты боюнча шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү С.Бабатаевдин маалыматы эске алынсын.
2.Шаардын “Түндүк” аймактык башкармалыгынын аймагында көп жылдардан бери кароосуз калган, эч кимдин менчигинде болбогон, диаметри 426 мм суу түтүкчөлөрүн “Суу чарба” чарбалык эсептеги мекемесинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4.Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Конкобаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: |
Кулдышев М.С. |