Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 5-марты №11
«Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым көчөлөргө ысымдарды коюу тууралуу”
«Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым көчөлөргө ысымдарды коюу тууралуу” шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү С.Бабатаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 15- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Шаардын жана шаарчалардын аймагындагы айрым көчөлөргө ысымдарды коюу тууралуу” шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү С.Бабатаевдин маалыматы эске алынсын.
2.Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, эмгектин ардагери, маркум Молдалиев Туралынын ысмын түбөлүккө калтыруу максатында Тендик айылындагы «Достук» көчөсү «Молдалиев Туралы» атындагы көчө деп өзгөртүлүп аталсын.
3.Шаардык Кеңештин эки жолку жана райондук Кенештин бир жолку чакырылышынын депутаты, маркум Садыров Маматкасымдын ысмын түбөлүккө калтыруу максатында Кудук Сай айылындагы Бишкек–Ош автожолунун сол жак тарабындагы сайдын сол жагындагы көчөгө Садыров Маматкасымдын ысымы ыйгарылсын жана «Садыров Маматкасым» атындагы көчө деп аталсын.
4.Тендик айылындагы мурдагы «Достук» атындагы көчөсү деген жазуу белгилерин «Молдалиев Туралы» атындагы көчө деген жазуу менен алмаштырып илүү жана Кудук Сай айылындагы жаны «Садыров Маматкасым» ысымы ыйгарылган көчөгө жазуу белгилерин даярдап илүү жагы Муниципалдык менчик департаментине (Н.Шамурзаев), Шамалды-Сай шаарчасынын аймактык башкармалыгына (Д.Садырбеков), «Тендик» аймактык башкармалыгына (Н.Мырзакматов) милдеттендирилсин.
5.Мындан ары ушул токтомго ылайык ар кандай нормативдик актыларды жана башка каттоо иштерин жүргүзүү шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо бөлүмүнө (К.Каныбеков), ЗАГС бөлүмүнө (М.Кулмырзаева), паспорт жана виза кызматына, шаардык архитектурага (Б.Ызаков), мамлекеттик наториалдык конторага (Г.Юлдашева), социалдык фондко (М.Жанабулов), «Кыргыз почтасы» мам.ишканасына (К.Кыдыралиев) милдеттендирилсин.
6.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
7.Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзадуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Конкобаев) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңештин төрагасы: |
Кулдышев М.С. |