Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 5-марты №12
«Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө».
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы М.Сариевдин маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 15- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу шаардык Кеңештин жооптуу катчысы М.Сариевдин маалыматы эске алынсын.
2.“Ата Мекен” саясий партиясынан Таш-Көмүр шаардык Кеңешине депутат Ташиев Мирлан Самарбековичтин жана “Ата Журт” саясий партиясынан Таш-Көмүр шаардык Кенешине депутат Бектемиров Келсинбек Базаркуловичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, шаардык Кенештин алдындагы “Өнөр жай” жана “Социалдык” маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын курамдарынан чыгарылсын.
3.“Ата Мекен” саясий партиясынан депутат Кожонов Азимжан Абдимаметович шаардык Кенештин алдындагы “Өнөр жай” маселеси боюнча жана “Ата Журт” саясий партиясынан депутат Утурбаева Мариякан Төлөгөновна шаардык Кенештин алдындагы “Социалдык” маселеси боюнча туруктуу комиссияларынын курамдарына киргизилсин.
4.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5.Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысы М.Сариевге жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: |
Кулдышев М.С. |