Редакцияот 25.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Сакалды айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы

2013-жылы 25-марты № 1

«Сакалды айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетин жана 2014-2015-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жөнүндө»

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сакалды айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешеси жана чыгашасынын түзүлүшү боюнча аталган өкмөттүн каржы бөлүм башчысы Н.Юсупованын маалыматы эске алынсын.

2.Сакалды айыл өкмөтүнүн 2013-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 47878,4 миң сом жана чыгаша бөлүгү 47878,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана 2014-2015-жылдарга бюджеттин долбоору тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.2013-жылдын бюджетинде 22156900 статьясында каралган түрдүү чыгымдардынчыгашасы 2679,0 миң сом өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.2013-жылдын 1-январына карата айыл өкмөттүн өздүк эсебинде каоган 384,7 сом өлчөмүндөгү каражаттын чыгымы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана атайын каражаттын эсебинен бала бакчалардын ата-энелерден түшүүчү төлөмдөрдүн кыймылы бекитилсин.

5.Ар бир айдын акыркы числосунда айыл өкмөттүн кассасында калган калдык сумма 50,0 сомго чейин деп бекитилсин.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы М.Султановго, айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Сакалды айылдык Кеңешинин төрагасы:

У.Айдаров