САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2013-жылы 9-декабры №2
«Сакалды айыл өкмөтүнүн 2013-жыл үчүн кабыл алган бюджетинин 9 айга карата аткарылышы»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сакалды айыл өкмөтүнүн 2013-ж үчүн кабыл алган бюджетинин 9 айга карата аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Абдувалиеванын маалыматы эске алынсын.
2.Бюджетти аткарууда 9 ай ичинде кетирилген кемчиликтердин ордун толуктап, жылдык отчет берүүгө даярдык көрүү Сакалдык айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Н.Юсуповага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы М.Султановго милдеттендирилсин.
Сакалды айылдык Кеңешинин төрагасы: | У.Айдаров |