Редакцияот 11.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2014-жылдын 11-марты №01-01/75

«Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 

төрагасынын 2013-жылга аткарган

иштеринин отчётун угуу жөнүндө».

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Артыков Базаркулдун отчётун угуп жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 3-главасынын 3.3-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Артыков Базаркулдун 2013-жылга аткарган иштеринин бир жылдык отчёту «каааттандырарлык» деп табылсын.

2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдорун талаптагыдай аткарбаган, Кочкор-Ата шаардык аткаруу бийлигинин токтомду аткарууга жооптуу кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесине ылайык, бир айлык мөөнөт ичинде чара көрүү, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.

3.Токтомдун 2-пунктунун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш,  Регламент, этика жана  коррупцияга каршы күрөшүү  маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын жалпы түрүнөн көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Д.Арстанбаевага милдеттендирилсин.

 

Кочкор-Ата шаардык

Кеңешинин төрагасынын орун басары:

 

А.М.Нусупбеков