Редакцияот 11.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кенешинин XXVI чакырылышынын XVI-сессиясы

 

2014-жылдын 11-марты №01-01/77

«Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 

2014-жылга иш-планын бекитүү 

жөнүндө»

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2014-жылга иш-планын карап жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 10-главасынын 10.1 пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2014-жылга түзүлгөн иш-планы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Иш-пландын аткарылышына жооптуу болгон жергиликтүү Кеңештин депутаттары жана аткаруу бийлигинин кызматкерлери, Кочкор-Ата шаар аймагында жайгашкан бардык мекеме ишканалар менчигинин түрүнө карабастан ушул токтом менен бекитилген иш-планды аткарылышын жетекчиликке алышсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары А.М.Нусупбековго жана К.Д.Арстанбаевага милдеттендирилсин.

 

Балыкчы шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Джаликов