Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 11-марты №01-01/78
«Туруктуу комиссиялардын мурдагысын
жоюп жаңыдан түзүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын иштеринен эффективдүү натыйжаларды алуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесинин 2-пунктуна жана 5-пунктуна, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 5-главасынын 5.2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин мурда түзүлгөн алты туруктуу комиссиялары жоюулуп таркатылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары төмөндөгүдөй төрт туруктуу комиссиядан түзүлүп бекитилсин.
1). «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» бир туруктуу комиссия
2). «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссия
3). «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссия
4). «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссия
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Б.Артыков |