Редакцияот 14.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 14-марты № 24/5-6

(Талас шаардык мэриясынын 12-март 2013-жылдагы  № 01-3/181 сандуу катын кароо)

Талас шаардык мэриясынын 12-март 2013-жылдагы  № 01-3/181 сандуу катын карап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2009-жылдын 27-февралындагы №46/7-5 сандуу токтомуна ылайык Талас шаарынын борбордук аллеясына кыргыз элинин залкар жазуучусу Ч. Айтматовдун айкелин орнотуу боюнча тыянак чыгаруу үчүн төмөндөгүдөй жумушчу комиссиясы түзүлсүн.

-А. Кушубеков- Комиссиянын төрагасы.

-А. Солтобаев- Талас облусунун башкы архитектору.

-К. Иманкулов–Талас турмушу гезитинин башкы редактору.

-Ж. Шайдиев-Талас шаарынын башкы архитектору.

-Б. Абдыкадыров-Талас шаардык маданият жана маалымат бөлүмүнүн башчысы.

-М. Мураталиев–Талас шаардык кеңешинин депутаты.

-Ж. Иманалиев – Талас шаардык кеңешинин депутаты.

-Б. Тууганбаев-Талас шаардык кеңешинин депутаты.

-Ж. Рай-коомчулуктун өкүлү.

-С. Шейшенов-“Манас Байрагы” юридикалык жактардын бирикмесинин президенти

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.

 

Талас шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Джузупбеков