Редакцияот 06.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 6-марты № 7

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2013 жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө

Эл депутаттарынын Кара-Суу айыл кеңешинин 6-чакырылышында 5-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл кеңешинин 2013 жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 8152,5 миң сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 8152,5 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2013 жылдагы бюджетинин киреше булагы №1тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.

3. Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2013 жылдагы чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркемеге ылайык булактардан турары белгиленсин, бекитилсин.

4. Кара-Суу айылдык Кеңешинин бюджетинин 2013 жылга бюджеттин накталай кассалык жүгүртүү акча каражаттарынын көлөмү №3 тиркеменин негизинде белгиленип бекитилсин.

5. Кара-Суу айылдык Кеңештин бюджетинин 2013 жылга карата билим берүү тармагына берилген катогориялык гранттын өлчөмү №4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.

6. Кара-Суу айылдык Кеңештин 2013 жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү №5 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.

7. 2013- жылга карата айыл округунун чыгашаларын көлөмүнө 1 пайыздагы резервтик фонд түзүлсүн.

8. Кара-Суу айылдык Кеңештин 2013 жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору №7 тиркемеге ылайык белгиленип берилсин.

9. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөлдүктү жүргүзүүсү айылдык Кеңешинин «Айыл чарба экономикалык реформалардын журушу жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

10. Кара-Суу айыл Кеңешинин чакырылышынын сессиясында депутаттардын 2013-жылга бюджетти бекитүүдө каралган пикир келишпестиктин негизинде Кыргыз Республикалык финансы миңистрлигине суралсын.

11. Кыргыз Республикасынын Каржы миңистрлигинин тарабынан берилген 2013-2014-2015 жылдарга социалдык өнүгүүнүн долбоору бекитилсин.

12. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджетти кирешелер бөлүмүн чындоо максатында төмөндөгү салыктар жана жыйымдар киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдой өлчөмдө бекитилсин:

1. Элге кызмат көрсөтүүдөн чекене товар жүгүртүдөн алуунучу салык (Кыргыз Республикасы салык кодексинин 195 статьясынын негизинде)

- салык төлөөчүүлөр болуп элге кызмат көрсөткөн жана чекене товар жүгүркөн юридикалык жана физикалык жактар эсептелет.

- магазиндер жана киоскаларда иш алып барган ишмерлер үчүн айына чекене товар жүгүртүнүн суммасын хранометраж аркылуу аныкталсын.

2. Транспорт ээлерине алуунучу салык менчик авто транспорттору жана айыл чарба техникалары бар Кыргыз Республикасынын граждандары четолколук граждандар жана гражданствосу жок жактар салык толоочу болуп эсептелинет.Салык чегерүү объектиси жана өлчөмү К.Р нын салык кодексинин 198 статьясынын негизинде жүргүзүлсүн. Жыйындын бюджетке чегерүү мөөнөтү ар бир айдын 20 числосу деп белгиленсин.

13. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин жүгүртүүдө кассасы такталсын акчасы 2013-жыл 1-январга карата жалпы бюджеттик 2% өлчөмүндө бекитилсин.

14. Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда ар бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан статьяга чейректен чейреке жылтыруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

15. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Н. Курманалиева