Редакцияот 06.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл Депутаттардын Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

 

2013-жылдын 6-марты № 8

Кара-Суу айылдык аймагынын А.Нуржигитов менен Ш.Баратов көчөлөрүнүн кесилишинде Абыкеев Нурдин жашаган аты жок көчөгө Абыкеев Жапардын атын ыйгаруу жөнүндө

Эл Депутаттардын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши Кара-Суу айылынын жашоочусу Абыкеев Нурдиндин арызын карап чыгып жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылынын жашоочусу Абыкеев Нурдиндин арызы канааттандырылып, А.Нуржигитов менен Ш.Баратов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Абыкеев Нурдин жашаган аты жок көчөгө Абыкеев Жапардын ысымы ыйгырылсын.

2. Көчөнүн тазалыгына, жашылдандырылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Абыкеев Нурдиндин үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык

кеӊешинин төрайымы

 

Н. Курманалиева