Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-августу № 13
«Дыйкан» СПАсына кепилдик берүү жөнүндө
«Дыйкан» СПАсына «Экинчи ички чарбалык сугат» Доборунун эсебинен техникалык кредит –экскаватор алууга макулдук берүү жана анын баасын кайтарып берүүгө кепилдик берүү жөнүндө маселелерди карап жана талкуулап, суу пайдалануучулардын өкүлдөрүнүн 2013-ж «03» 09 токтомунун негизинде Май айылдык Кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Техникалык кредитти –экскаватордун келишимдин негизинде кайтарууга кепилдик берилсин.
2. «Дыйкан» СПАсы өзүнүн карызын (техниканын баасынын 50%) же анын бөлүгүн төлөй албаган үчүрда Май айыл өкмөтү бул максаттар үчүн карызды жергиликтүү бюджеттин жылдык кирешесинин эсебинен 20 пайызга чейинки кирешесин ар жыл сайын карыз толук жоюлганга чейин төлөп турсун.
3. Май айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Ракынович Рыскуловго кайтаруу келишимине кол коюу ыйгарым укугу берилсин.
Май айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |