Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-июну № 26/4-13
Кайыңды айылдык аймагынын 2013 –2017- жылдарга карата инвестициялык өнүгүү Стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Кайыңды айылдык аймагынын 2013 –2017-жылдарга карата инвестициялык өнүгүү Стратегиялык планын бекитүү максатында Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагынын 2013-2017-жылдарга карата Стратегиялык жана инвестициялык өнүгүү планы бектилсин.
2. Кайыңды айылдык аймагына караштуу Кайыңды айылынын клубун АРИС программасы аркылуу жазылган проектиге колдоо көрсөтүлсүн.
3. Клубдун капиталдык ремонтун жүргүзүү үчүн айылдын тургундарынын өздүк салымынын 5 % түзгөн 36000 сом акча каражатын чогултууга уруксат берилсин.
4. Долбоордун негизинде, Кайыңды айылынын клубун капиталдык ремонтун жүргүзүүгө карата түзүлгөн микропроектик топтун төмөндөгүдөй курамы бекитилсин:
1. Сулайманов Т.- комиссиянын төрагасы, микропроектинин жетекчиси.
МҮЧӨЛӨРҮ:
Абдразаков У. Назаралиева Ч.
Субанбекова А Эшенкулова Г.
Курманбеков Р.
Кочорбаев С
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дуйшобаевге дайындалсын.
Кайыңды айылдык аймактык кеңешинин төрагасы |
З.Абдрахманов |