Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-сентябры № 26/6- 21/3
Манас райондук Аскер комиссариатынын
607 - резервдик ротасынын аскердик формасы
менен камсыздоо жөнүндө
Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 05 -августундагы № 630 каты менен коюлган талабын аткаруу максатында Кайыңды айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас райондук Аскер комиссариатынын алдында уюштурулуп жаткан 607 - резервдик ротасын аскердик кийимдери менен камсыз кылуу максатында, Кайыңды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 31800 сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн, уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн Ф.Э.бөлүмүнүн башчысы А.Субанбековага милдеттендирилсин.
Кайыңды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |