Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-августу № 15
Көк-Ой айылындагы “Асель” бала бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө
Көк-Ой айылындагы “Асель” бала бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндөгү сунушту талкуулап чыгып, Көк-Ой айыл Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ой айылында “Асель” бала бакчасына кошумча 1-тайпа ачылсын.
2.Штаттык бирдикти бекитүү жагы Талас райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бала бакчаны ачып берүү республикалык бюджеттен тиешелүү кошумча каражаттарды бөлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суралсын.
4.Көк-Ой айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине бала бакчаны камсыздоо үчүн керектелүүчү чыгымдарды эсептеп,айыл өкмөтүнүн бюджеттине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип жана бюджет бөлүштүрүү жагы Талас райондук каржы бөлүмү жана Көк-Ой айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүм башчысына дайындалсын.
5.Бала бакчанын ачылышынын мыйзамдуулугун кароо үчүн тиешелүү мекемелер (СЭС,РЭС,орт коопсуздугуна) кайрылуу үчүн Көк-Ой айыл өкмөтүнүн жер, турак жай – коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Арыкбаев жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Көк-Ой айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.Т.Абдрахманов |