Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 55/9-6
“Талас шаардык билим берүү тармагынын
2012-2013-окуу жылына карата жалпы
ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө”
Депутаттардын Талас шаардык кеңешенин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын иш планынын негизинде “Талас шаардык билим берүү тармагынын 2012-2013-окуу жылына карата жалпы ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныктамасы жана ”2013-жылдын 30-октябрындагы отурумунун №2 протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн (Б.Керимбаев) балдарга жалпы билим берүү мекемелерин жана бала бакчаларын текшерүүдө айрым олуттуу кемчиликтер орун алгандыгы белгиленсин жана аны тез арада четтетүү максатында иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
2. Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Б.Керимбаев) мектептердин жана бала бакчалардын материалдык техникалык базасын чыңдоого карата жигердүү иш аракеттерди көрүү жагы тапшырылсын.
3. Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы (Б. Керимбаев) шаардын билим берүү мекемелеринин окуу процессиндеги жетишкендиктери эске алынып, 2012-2013- окуу жылына карата ишмердүүлүгү “канааттандырарлык” деп табылсын.
4. Кабыл алынган токтом Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Д. Абакиров) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков |