ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 56/9-6
“Талас шаарынын мектептеринде дене тарбия
жана спорт сабактарын талапка ылайык келтирүү
боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө”
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын Талас шаарынын мектептеринде дене тарбия жана спорт сабактарын талапка ылайык келтирүү боюнча текшерүүсүнүн аныктамасы жана 2013-жылдын 18- декабрындагы №1 протоколунун негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Талас шаарынын баардык мектептеринде дене тарбия жана спорт сабактарын өтүүдө кетирилген олуттуу кемчиликтер белгиленсин жана шаардын билим берүү бөлүмүнө (Керимбаев Б. Ж.) шаардын баардык мектептеринде дене тарбия жана спорт сабактарын талапка ылайык келтирүү жагы милдеттендирилсин.
2. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүүдө шаардык билим берүү бөлүмүнүн каржы булактарынан мектептердин дене тарбия жана спорт сабагынын материалдык базасын чыңдоого көңүл бөлүнүп, тиешелүү деңгээлде каржылоо жагы көзөмөлгө алынсын.
3. Кабыл алынган токтом Талас шаардык “Жаңы Багыт ” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Т. Сейтказиев) тапшырылсын.
Төрага | А. Джузупбеков |