Редакцияот 20.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2014-жылы 20-февралы № 76/10-6

“Талас шаарынын муниципалдык

жер тилкесине жеңил курулуш курууга

уруксат берүү тартибин аныктоо боюнча 

комиссиянын жобосун бекитүү жөнүндө”

Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2013-жылдын 16-декабрындагы  №398 сандуу катынын негизинде Талас шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери  жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиянын №7 протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Талас шаарынын муниципалдык жер тилкесине жеңил курулуш курууга уруксат берүү тартибин аныктоо комиссиясынын  жобосу  бекитилсин.

2.Кабыл алынган токтом шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери  жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына (М. Есенкулов) тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Джузупбеков