Редакцияот 20.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2014-жылы 20-февралы № 89/10-6

“Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын

 типтүү түзүмүн жана штаттык

 санын бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 13-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” № 451 токтомун жетекчиликке алып жана Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2014-жылдын 30-яварындагы  01-1/113 сандуу катынын негизинде,  Депутаттардын Талас шаардык кеңеши

Токтом кылат:

1.Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын типтүү түзүмү жана штаттык саны №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Кабыл алынган токтом “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттодон өткөрүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын  Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) тапшырылсын.

 

Төрага:

А.Джузупбеков