Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-марты №01-01/82
«Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин
токтомдорун мамлекеттик тилде
кабыл алуу жана жарыялоо
жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу боюнча, Кочкор-Ата шаардык мэриянын 2013-жылга карата берген шаардын калкынын 72,7% кыргыз улутунундагы жарандары эсептелинген тактамасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 24-26-28-29-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы берген тактамасына негиз, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин жалпы иш кагаздары, токтомдордун долбоорлору мамлекеттик тилде даярдалсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин сессияларына катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон токтомдору, мамлекеттик тилде кабыл алынсын жана кабыл алынган токтомдорду расмий жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын реестирине киргизүү мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Артыков
|