КЫЗЫЛ-ҮНКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Үңкүр айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2014-жылы 1-апрели №2
Кызыл-Үнкүр айыл аймагына чыккан жайлоочуларга токой чарба менен бирдикте көзөмөл жүрүгүзүү ошондой эле мал арасында жугуштуу ооруларды айыл арасына жайылтпоо жана жайлоо жайытынын бааларын бекитуу жөнүндө
Кызыл-Үнкүр айыл аймагына чыккан жайлоочуларга токой чарба менен бирдикте көзөмөл жүрүгүзүү ошондой эле мал арасында жугуштуу ооруларды айыл арасына жайылтпоо, жайлоо жайытынын акысы жөнүндө маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы О.Жолдошовдун жана токой чарбанын директору Анарбай уулу Элмирбектин сөздорун угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр айыл аймагына чыккан жайлоочуларга жайыт акыларын төлөтүү, тиешелүү тактама долкументтерди тактап жайлоого чыгуу жана жайлоо жайытынын акысы мурунку жылдардагыдай эле өзгөртүүсү жок төлөнүсүн контролдоо жагы токой чарбанын директору Анарбай уулу Э милдеттендирилсин.
2.Кызыл-Үнкүр айыл аймагына башка айыл өкмөттөн келген айыл чарба малдарын жайкы жайыттарга 2014-жылдын 15-майынан баштап, ал эми жергиликтүү айыл чарба малдарын 2014-жылдын 20-апрелинен чыгууга уруксат берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Шавкановко милдеттендирилсин.
Кызыл-Үнкүр айылдык Кенешинин төрагасы: |
Жамгырчиев А. |