Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № VI-2
Ноокат суу каналдар ишканасынын суу түтүктөрүнө уланган суу эсептегичи бар абононенттерине 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап жыл бою иштетилген суунун төлөмү үчүн төлөм акысына 20% женилдик берүү жөнүндө
Ноокат суу-каналдардар ишканасына депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышын кезексиз VI сессиясынын 2012-жылдын 21-ноябрындагы №XXX-2 токтому менен үй-кожолуктарындагы суу эсептегичи бар абоненттерине кыш айларына 50% женилдик берилген, азыркы күндө ушул женилдикти жыл бою эле 12 айга 20% берүүнү кабыл алууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат суу каналдар ишканасынын суу түтүктөрүнө уланган суу эсептегичи бар абононенттерине 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап жыл бою иштетилген суунун төлөмү үчүн төлөм акысына 20% женилдик берүү жөнүндөгү каты Ноокат шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан колдоого алынсын.
2. Ноокат суу каналдар ишканасынын суу түтүктөрүнө уланган эсептегичи бар абононенттерге 2013-жылдын 1-сентябрынан баштап жыл бою иштетилген суунун төлөмү үчүн төлөм акысына берилген 20% женилдик тууралуу малыматты, абононенттерге жеткирүү жагы Ноокат суу каналдар ишканасынын жетекчилигине жана квартал комитеттеринин төрагаларына тапшырылсын.
3. Токтомдун бир нускасы Ноокат суу каналдар ишканасынын башчысына берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |