Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № VI-3
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 22-февралындагы “Ноокат районунун аймагында 2013-жылды айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү №10 токтомунун негизинде иш чараларды алып баруу максатында КР нын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 41,44 беренелеринин негизинде жеке менчиктеги жерлердин максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө боюнча Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү А.Ашимовдун менчигине автобекет кылуу үчүн берилген жер тилкесин максаттуу пайдаланбагандыгы үчүн Ноокат шаарынын баланысына кайтарып алуу боюнча мыйзамдуу түрдө иш алып баруу жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 22-февралындагы “Ноокат районунун аймагында 2013-жылды айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү №10 токтомунун негизинде иш чараларды алып баруу максатында КР нын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 41,44 беренелеринин негизинде жеке менчиктеги жерлердин максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө боюнча Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү А.Ашимовдун менчигине автобекет кылуу үчүн берилген жер тилкесин максаттуу пайдаланбагандыгы үчүн Ноокат шаарынын баланысына кайтарып алуу боюнча мыйзамдуу түрдү иш алып баруу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндөгү А.Ашимовго тиешелүү болгон жер тилкесине Ноокат шаар башкаруусу тарабынан 2010-жылдын 23-декабрында берилген №130 токтомун жокко чыгаруу жана анын негизинде Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департементи тарабынан берилген 2007-жылдын 30-апрелиндеги сериясы №009 61 41 сандуу мамлекеттик актысын жокко чыгарып берүү жагы Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү кодексинин 119-беренесинин 2-пунктуна ылайык Ош облустук райондор аралык сотунан суралсын.
2. Ош облустук райондор аралык сотуна Ноокат шаардык кеңешинин атынан кайрылып мыйзамдуу жагын кароо жана соттук отурумга катышуу жагы Ноокат шаардык мэриясынын юристи Ч.А.Ырысбаевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдардын иштери маселелери боюнча Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |