Редакцияот 29.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин IV–чакырылыштын VI сессиясынын заседаниеси

 

2013-жылдын 29-августу № VI-10

Ноокат шаарынын мэриясынын аймагындагы бюджеттик мекеме-ишканалардын "Ошоблкоммунсоюз" ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын мэриясынын аймагындагы бюджеттик мекеме-ишканаларды "Ошоблкоммунсоюз" ишканасына өткөрүн берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 28-августундагы №349 сандуу берген катын көрүп чыгып депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн тартыштыгы жана "Ошоблкоммунсоюз ишканасынын гикаколория үчүн коюлган коэффициентинин көптүгүнө байланыштуу Ноокаг шаарынын мэриясынын аймагындагы бюджеттик мекеме-ишканаларды ""Ошоблкоммунсоюз" ишканасына өткөрүп берилбесин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик. өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А. Гафаров