Редакцияот 29.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин IV–чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын заседаниеси

 

2013-жылдын 29-августу № VI-21

2013-жылдын 31-августунда КРнын Эгемендүүлүк күнүнө карата шаардын аймагында тазалоо иштерин жүргүзүү жана акцияларды өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

2013-жылдын 31-августунда КРнын Эгемендүүлүк күнүнө карата шаардын аймагында тазалоо иштерин жүргүзүү жана акцияларды өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясыны 2013-жылдын 29-августунда берген №358 катын көрүп чыгып депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 31-августунда КРнын Эгемендүүлүк күнүнө карат шаардын аймагында тазалоо иштерин жүргүзүү жана акцияларды өткөрүү үчүн 2013-жылдын 30-августунда шаар мээриясынын аймагындагы орто мектептердын окуучулары менен шаардын борборундагы көчөлөрдү иретке келтирүү, акыр-чыкырларды тазалоо үчүн ишембиликти өткөрууга кететурган материалдарды сатып алууга 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен 30.0 миң сом ажыратып берилсин .

2. Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткаралышынын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет финансы экономика соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

.

Ноокат шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А. Гафаров