Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-сентябры № VII-1
Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө Ноокат шаар мэриясынын ФЭБ башчысы М.Нарматовдун билдирүүсү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө Ноокат шаар мэриясынын ФЭБ башчысы М.Нарматовдун билдирүүсү жөнүндөгү масслепи шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика соода маселелсри боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен каралып такталгандыгын, туруктуу комиссия тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 6 айында жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашалары боюнча аткарылышы эске алынсын.
2. Ноокаг шаардык кеңешинин бюджеттин киреше жана чыгашалары боюнча жылдык пландын толугу менен аткарылышы Ноокат шаар мэриясынын финанси-экономика бөлүмүнө жана салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Ноокат шаардык кеңешинин бюджетинин чыгаша бөлүгүн 2013-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте негизги статьяларга (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак аш жана социалдык женилдиктерге) каржылануу белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |