Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-сентябры № VII-2
Ноокат шаарынын аймагында жашаган атуулдардын социалдык абалы жана аларга көрсөтүлгөн жардамдар жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 6 айында Ноокат шаарынын аймагында жашаган атуулдардын социалдык абалы жана аларга көрсөтүлгөн жардамдар жөнүндө С. Шерматованын билдирүүсү жөнүндөгү маселени шаардык кеңештин билим берүү. саламаттыкты сактоо. маданият. спорт-туризм өз алдынча башкаруу. социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен каралып такталгандыгын, туруктуу комиссия тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 6 айында Ноокат шаарынын аймагында жашаган атуулдардын социалдык абалы жана аларга көрсөтүлгөн жардамдар жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын социалдык иштер боюнча башкы адиси С.Шерматованын билдирүүсү эске алынсын.
2. Ноокат шаар мэриясынын аймагында жашаган атуулдардын социалдык абалын жакшыртууга ар тараптуу иш чараларды өткөрүү шаар мэриясынын социалдык иштер боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Ноокат шаар мэриясынын аймагында жашаган атуулдардын социалдык абалын жакшыртууда эл аралык донорлор, НПО. бардар үй-бүлөлөр менен иштөөнү улантуу жана алардан адресттүү пайдалануу көнүлгө алынсын.
4. Ноокат шаар мэриясынын аймагында жашаган ар бир атуулдардынсоциалдык абалын жакшыртууда Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарынын, көчө комитеггеринин төрагаларыпын, коомдук уюмдардын төрагаларыиын. ТОС башчыларынын, мектеп директорлорунун көнүлдөрү бурулсун.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо. маданият. спорт туризм өз алдынча башкаруу. социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Гафаров |